07.09.2018 15:53

 «Чабрец» ишканасы жумушчуларына мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларын таңуулаган

 «Чабрец» ишканасы жумушчуларына мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларын таңуулаган

«Чабрец» ишканасы жумушчуларын маянаны мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр түрүндө алууга мажбурлаган. Бул туурасында Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Омбудсмен институтуна Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда «Чабрец агрофирма» ЖЧКсы жумушчулардын айлык маянасын берүүдө укуктарын бузуп жатканы айтылган.  

Арыз ээси Ч.Б. 2018-жылдын май, июнь айларында «Чабрец» ЖЧКсынын сүт продукциясы бөлүмүндө иштеген, анын  жолдошу болсо, ушул эле ишканада  күзөт бөлүмүндө иштеген. 

Учурда Ч.Б. менен жолдошу  Ж.А. жумуштан бошонуп кетишкен, бирок, «Чабрец» ишканасынын жетекчилиги эки айдын айлык маянасын дагы деле бербей келишет. Алар муну фирмада финансылык кыйынчылыктар болуп жатканы менен түшүндүрүп, жумушчуларды маянанын ордуна мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды алууга мажбурлашкан. 

Бул арызды изилдеп чыккан акыйкатчы институту Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасына, Сокулук жана Москва райондору боюнча Эмгек инспекциясына тиешелүү кайрылуу жөнөтүштү.