Үч облустун жайыт комитеттерине техника тапшырылды
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жайыт комитеттери атайын техникалуу болду. Тапшыруу салтанаты Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышты. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
«Биздин республика агрардык болуп саналгандыктан, айыл чарба жумушчуларын, анын ичинде жайыт колдонуучуларды жалпы колдоо керек. Биздин милдетибиз – жайыттарды натыйжалуу пайдалануу шарттарын камсыздоо, анткени келечек муунга өлкөбүздүн өзгөчө жаратылышы кандай абалда жете турганы бизден көз каранды. Коюлган максаттарга жетүү үчүн биргеликте аракет кылуу зарыл», - деди вице-премьер-министр.
КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги атайын техникалардын баасынын 75 пайызын төлөп берген. Калган 25 пайызын жергиликтүү жайыт комитеттери чыгарган. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү коомчулуктарга «Lovol, RongVei» үлгүсүндөгү 3 кубдук жана 1,8 кубдук тракторлор жана «Howo» самосвалдары тапшырылды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: