22.08.2018 15:04

100 миң сомго алынчу кыргызча сөздүктөр ким үчүн? Мэриянын жообу

100 миң сомго алынчу кыргызча сөздүктөр ким үчүн? Мэриянын жообу

Бишкек мэриясы 100 миң сомго сатып алчу китептер Мамлекеттик тил күнүнө карата 4 райондук администрацияга таркатылып берилет. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта: «Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондук администрация кызматкерлерин кыргыз тилиндеги сөздүктөр жана адабий китептер менен камсыздоо үчүн 19-августта электрондук мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга сынак жарыяланган. Сынактын жыйынтыгы боюнча 100 миң сомго  «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» 1-2 томунан 42 комплект, Чыңгыз Айтматовдун 8 томдон турган чыгармаларынын жыйнагынан 5 комплект сатылып алынып, 23-сентябрга карата 4 райондук администрацияга таркатылып берилет», -деп жазылат. 

Бул ишке мэрия жетекчилиги Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында барып жатканы айтылат.