06.04.2018 10:30

10-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот

10-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот

10-апрель күнү саат 9:00дон 19:00го чейин айрым райондорго таза суу берүү токтотулат. Бул туурасында «Бишкексууканал» ишканасынан билдиришти.  

Өчүрүүлөр «Северный» суу топтомунда жүрүүчү ондоп-түзөө иштерине байланыштуу. Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрү жана Ала-Арча суусу менен чектешкен аймакта, ошондой эле:

- «Красный строитель» шаарчасында;

- «Көлмө», «Ак-Тилек», “Алтын-Бешик”, “Саламалик” конуштарында;

- №18, 33, 35 орто мектептерде,  №12 бала бакчада;

- Пакистан элчилигинин имаратында;

- «Бишкекжылуулуккоммунэнергонун» Васильев, Жаш Гвардия, Урицкий көчөлөрүндөгү от казандары жайгашкан жайында;

- автовокзалдар менен автостанциялардын Чүй бирикмесинде ;

- Улуттук Гвардиянын  Краснодонцев көчөсү, 24 дарегиндеги башкы кеңсесинде;

- «Электросила» ЖЧКсында;

-шаардык кургак учукка каршы ооруканада;

- Аскер комиссариаты А/б 41069;

- КР ИА биотехнология институтунда;

- «Химический завод» менчик ишканасында;

- “Бишкексууканалынын” атайын автобазасында;

- Фере көчөсүндөгү «Бишкектурбазасы» туркомплексинде өчүрүлөт. 

«Бишкексууканал»башкармалыгы келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана уюмдарды таза суу камылгасын көрүүгө чакырат.