11 бейтап оор абалда. Ичинен 7 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө
Бүгүнкү күндө коронавирус жугузуп, стационарда жаткан 366 жарандын ичинен 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.
Ошол эле маалда бул илдеттен айыгып чыккандар дагы жок эмес. Бүгүнкү күнгө карата 78 адам айыгып, үйнө чыгарылган.
COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 455 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
- Жакын байланыштар (I категория) – 1 528
- Башка байланыштар (II категория) – 5 977
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жатат.
Бүгүн, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и дарыгерлер.
- Жалал-Абад облусунда – 93
- Ош облусунда – 130
- Ош ш. – 71
- Чүй облусунда – 28
- Бишкек ш. – 82
- Баткен облусунда – 5
- Нарын облусунда – 34
- Ысык-Көл облусунда – 6.
Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: