12.03.2018 09:15

12-13-мартта Бишкек-Ош жолунда кар көчкү жүрүшү күтүлөт

2018-жылдын 12-мартынан 13-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ошого байланыштуу, 2018-жылдын 11-мартынан 13-мартына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаалардын бардык түрлөрүнө саат 12:00дөн саат 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөрдү киргизүү боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы - Премьер-министрдин 2018-жылдын 11-мартындагы №7 буйругу чыккан.