10.05.2018 16:34

12-майдан 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

12-майдан 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 12-майдан баштап 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.

12-майда күндүз жана 13-16-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-15-майларда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

12-майда күндүз жана 13-14-майларда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

13-15-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.