22.03.2018 15:59

14 кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер адам мөөнөтүнөн мурда бошотулду

14 кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер адам мөөнөтүнөн мурда бошотулду

“Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Окуловский райондук соту билдирет. 

2016-жылдын 27-августунда аталган басмаканада өрт чыгып, кесепетинен 17 адам каза тапкан: алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер, үчөө - россиялык аялдар болгон. 

Басмакана директору Сергей Москвин типографияда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаганын мойнуна алып,  2017-жылдын августунда 2,5 жылга жатак-абакка кесилген болчу.

Бул жылдын 7-мартында Окуловский райсоту Москвиндин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу арызын карап чыгып, аны канааттандырды.