27.09.2018 18:10

№164 маршрутканын айдоочусу айып пул төлөөгө милдеттендирилди

№164 маршрутканын айдоочусу айып пул төлөөгө милдеттендирилди

Салонуна жүргүнчүлөр менен урушуп, кичине кызды ыйлаткан №164 маршруттук таксинин айдоочусуна 5 миң сом айып салынды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматта, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы жерине барып, «Ак- Жолтой» фирмасына таандык №164 маршруттук каттамдын айдоочусу катышкан окуянын чоо-жайын териштиргени айтылат.

Айдоочунун айтымында, кечээ, 26-сентябрда эртең мененки саат 7:30да унаасындагы жүргүнчү экөөнүн ортосунда чатак чыккан. Жүргүнчү ага жөлөнүп алуу менен унаа башкаруусуна тоскоолдук жараткан. Айдоочунун эскерткенине көңүл бурган эмес.

Мындан улам, маршрутканын айдоочусу аны түртүп жиберген, жүргүнчү жанындагы кичине кызга катуу тийип, ыйлатып алган.

Айдоочу Кенжебаев Д.М.нын атына административдик протокол түзүлүп, 5 миң сом айыпка жыгылды. Фирманын жетекчилиги териштирүү иштери үчүн Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына чакырылды.

Учурда «Ак- Жолтой» ААКын жоопко тартуу маселеси каралууда.