24.04.2018 09:40

18 жаштагы кыргыз спортсмени Аргентинада өтчү Олимпиадага катышат

18 жаштагы кыргыз спортсмени Аргентинада өтчү Олимпиадага катышат

"Дельфин" олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу, 18 жаштагы  Владислав Шулико быйыл октябрь айында Аргентинада  өтө турган Жаштар олимпиадасына катышууга жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Шулико 6 жашынан бери сууда сүзүү спорту менен алектенет. Машыктыруучусу-Заваринский Александр.

Суучул былтыр өспүрүмдөр арасында Ташкентте өткөн  Азия чемпионатында сууда сүзүү боюнча эки күмүш медалды жеңип алган.

Бүгүн спорттун аталган түрү  боюнча Москвада өткөн Россия чемпионатына катышуу учурунда, баттерфляй стилинде 100 метр аралыктагы жарышта биздин өлкө үчүн жаңы рекорд койду. Суучул аралыкты 55,52 секундада сүзүп өткөн, мурунку рекорд 56, 01 болчу. Ал эми Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн 55, 59 секундада келүү жетиштүү болмок.

Белгилей кетсек, бул Россия чемпионатында белгиленген нормативди аткаруу менен олимпиадалык лицензия утуп алса болот.  Ар бир дистанция үчүн өзүнчө норматив бекитилет. 

Эскерте кетсек, жаштар арасындагы Олимпиада оюндары Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында 2018-жылдын 6-18-октябрь аралыгында өтөт.