17.05.2018 12:36

18-майда Бишкектен Ташкентке чейин "Достук" веложүрүшү уюштурулат

18-майда Бишкектен Ташкентке чейин "Достук" веложүрүшү уюштурулат

Эртең, 18-майда Бишкектен Ташкентке чейин "Достук" веложүрүшү башталат. Бул туурасында КР Маданият министрлигинен билдиришти. 

Кыргыз жана Өзбек Республикаларынын ортосунда уюштурула турган “Достук” веложүрүшү 18-майда саат 15:30дө  Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын аянтында жайгашкан нөл чакырымдан тартып башталат. 

Веложүрүш “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент” каттамы боюнча уюштурулат. 

Соңу Өзбек Республикасынын Ташкент шаарынын башкы почтасы бөлүмүнүн имаратынын аймагында болжолдуу белгиленген нөл чакырымында аяктайт. 

Веложүрүшкө Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана спорттун ардагери Таштанов Мамыт Коноевич катышат.

Аталган иш- чара КР маданият, маалымат жана туризм министрилигинин алдындагы туризм департаменти тарабынан уюштурулууда.