19.04.2018 09:20

19-20- апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып, кээ бир облустарда үшүк жүрөт

19-20- апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып, кээ бир облустарда үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  өлкөдө 19-апрелден  20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн билдирет.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Туруксуз аба ырайынан улам жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

19-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. 19-20-апрелде Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жаңы байлаган мөмөлөрүнө коркунуч келтирет.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.