11.05.2018 11:29

2 жылдын ичинде 100 миңге жакын адам эски паспортун жаңылаган

2 жылдын ичинде 100 миңге жакын адам эски паспортун жаңылаган

2016-жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылкы үлгүдөгү 100 миңге жакын паспортту алмаштырып берди. 

МКК жарандарды жаңы үлгүдөгү улуттук паспорттор менен камсыздоо максатында 2015-жылдын август айынан бери кампания өткөрдү. Ага ылайык, 60 жаштагы жана андан улуу жарандар эски паспортторун бекер алмаштырышкан. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүндө ыкчам топтор түзүлүп, алар ден соолугуна байланыштуу өздөрү келе албаган адамдардын  үйлөрүнө барып, кызмат көрсөтүшөт. 

2016-жылы МКК  58 миң 820 паспорт алмаштырса,  2017-жылы 9 миң  11 адам паспортун жаңылаган, 2018-жылы 3 миңге жакын киши бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган. 

Акыркы маалымат боюнча, 64 миң жарандын 40 миңи  2004 жана  2017-жылкы үлгүдөгү паспортторду алышкан.