26.03.2018 14:58

20 миң сомго небересин сатып жаткан жеринен Ош облусунун тургуну кармалды

20 миң сомго небересин сатып жаткан жеринен Ош облусунун тургуну кармалды

ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  кызматкерлери тарабынан өзүнүн небересин сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Аталган кызматтын кызматкерлерине Ош шаарында бир аял бала сатканы жатканы жана кардарды да таап койгону тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам издөө-иш чараларын өткөргөндөн  кийин ал аялдын аты-жөнү такталып, 59 жаштагы Ош облусунун тургуну экени аныкталды.

Атайын операция учурунда аял  20 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.  Аял өзүнүн али бир айга толо элек  небересин алып келип, акчаны алган соң, баланы  кардарга калтырып кете берген.

Ымыркай дароо социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилди. Аталган факт боюнча, 124-берененин негизинде (Адам сатуу) кылмыш иши козголду. Ишти иликтөө уланууда.