17.04.2018 17:23

2017-жылы ИДП 521 млрд сомду түздү

2017-жылы ИДП 521 млрд сомду түздү

2017-жылдын негизги жыйынтыгы – туруктуу экономикалык өсүштү сактоо болду. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

«2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга ашты. Мында ИДП 521 млрд сомду түздү. Андан тышкары, калктын жан башына ИДП 1178ден 1272 АКШ долларына чейин өсүп, 8 пайыздан ашты», - деди Өкмөт башчы.
Ал белгилегендей, экономикалык өсүштү экономиканын бардык секторлору камсыз кылды. Анын негизги драйверлери болуп төмөнкү нерселер саналат:

- өнөр жай секторундагы реалдуу өсүш – 11,5%га,
- металлургияда – 3,3%га,
- электр энергиясында – 10,1%га,
- тамак-аш продукциясында 15,3%га чыкты.

«Айыл чарбадагы өсүш 2,2 пайызга жетти. Анда: айыл чарба продукциясын өндүрүү – 2  пайызга  жана өсүмдүк өстүрүү – 2,5 пайызга көбөйдү”, - деди Премьер-министр.