15.08.2018 12:20

2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча стратегиясында кандай өзгөрүүлөр бар?

2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын жаңы редакциясы айрым өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бул тууралуу документти иштеп чыгуу үчүн тартылган серепчилер билдиришти. Белгилей кетсек, былтыр ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында кабыл алынган документте "Таза коом" долбоору өлкөнү өнүктүрүүдөгү приоритеттүү тармак катары каралган. Ал эми жаңы редакцияда адамдык потенциалды өнүктүрүү максаты коюлду. 22 жылдын ичинде жөнөкөй кыргызстандык жарандын жашоосу кандай өзгөрүшү керек? Ал үчүн эмне талап кылынат?