23.03.2018 17:00

2018-жылдын февралында Президент Аппаратына 1 319 кайрылуу түшкөн. Көбү борбор тургундарынан

2018-жылдын февралында Президент Аппаратына 1 319 кайрылуу түшкөн.  Көбү борбор тургундарынан

2018-жылдын февралында Президент Аппаратына жарандардан жана уюмдардан 1 319  кайрылуу түшкөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 26 пайызга көп. 2017-жылдын февралында болгону 976 кайрылуу келген. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардан келген кайрылууларды  өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.  

2018-жылдын февралында Президент Аппаратындагылар 1 319 кайрылуунун үстүндө иш алып барышкан. Алардын ичинен:

- электрондук кат түрүндө - 1074 жаран;

-“ишеним телефону” аркылуу- 107;

- коомдук кабылдамага – 78;

- Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн түз эфири аркылуу- 12 жаран кайрылган. 

Коомдук кабылдамада маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрүүлөрдү  48 жаран  алган.

1074 электрондук кат түрүндөгү кайрылуулардын 1044ү Президент Аппаратына түшкөн. Алардын 364ү көзөмөлгө алынып, 58и мөөнөтүндө аткарылды, 306 кайрылуу орундатылуу үстүндө.

Көбүнесе арыздар Бишкек шаарынын тургундарынан түшкөн -361, эң аз арыздангандар Талас облусунун тургундары - 31.

Кайрылуулардын  көбү соттордун жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу. .