2018-жылга садака-фитирдин өлчөмү бекитилди
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан мусулмандары үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун тартибин бекитти. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.
Ага ылайык, 2018-жылы садаканын өлчөмү төмөндөгүдөй болот:
Ошондой эле, муфтият садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры экенин билдирет. Бирок, бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.
Садака-фитр жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет.
Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: