30.03.2018 14:46

2018-жылы 2 ай ичинде өрттөн 25 адам каза тапкан

2018-жылы 2 ай ичинде өрттөн 25 адам каза тапкан

Үстүбүздөгү жылы  эки айдын  ичинде республика боюнча 638 өрт кырсыгы катталган. Кырсык 168 миллион сомдон  ашык чыгым алып келген.  25 адам каза таап, анын ичинде – 1 жаш бала бар.  9 адам жабыркаган.  24 адамды сактап калууга мүмкүн болгон. Бул тууралуу ӨКМдин  2018-жылдын эки ай ичинде болуп өткөн өрттөр боюнча маалыматында айтылат.

Өрттөрдүн 38 % электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан, 23 % мештерди жана морлорду этиятсыз колдонуудан, 18,7% отко этиятсыз мамиле кылуудан, 8 % балдардын от менен ойноосунан улам чыккан.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (172) жана 11 адам каза болгон, Бишкек ш. (134) жана 4 адам каза болгон, Ош облусунда (87), Жалал-Абад областында (85) жана 3 адам каза болгон, Ысык-Көл областында (65) 3 адам каза болгон, Баткен облусунда (35) жана 4 адам анын ичинен 1 жаш бала.

Өрттөрдүн 459 учуру  турак жай секторунда болгон жана  26 млн сомдон ашык  зыян алып келген.