18.04.2018 12:29

20-апрелден тарта Кулатов көчөсүнүн тилкеси унаа кыймылы үчүн жабылат

20-апрелден тарта Кулатов көчөсүнүн тилкеси унаа кыймылы үчүн жабылат

20-апрелден баштап, Кулатов көчөсүнүн  Айдаралиев көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки тилкеси  унаа  кыймылы үчүн жабык болот.  Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта, бул - жылуулук куурларын реконструкциялоо иштерине байланыштуу  экендиги айтылат.

Ремонт иштери үстүбүздөгү жылдын 29-майында бүтүшү пландалууда.