30.03.2018 14:24

23 мамлекеттик органга жетекчинин орун басары кызмат орду киргизилди

23 мамлекеттик органга жетекчинин орун басары кызмат орду киргизилди

23 мамлекеттик органда санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчинин орун басары кызмат орду киргизилди. Бул кадам  «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында  жасалды.  Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун, өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.  

Аталган чечим  аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы процесстерди жана  информациялык технологияларды мындан ары автоматташтыруу максатында кабыл алынды. 

«Министрлердин жаңы орун басарлары жаш жана мыкты билими бар профессионалдар, алар министрлик жана ведомстволордогу санариптик трансформация боюнча долбоорлорду алдыга жылдыруунун үстүндө иштешет», - деп түшүндүрмө берди Сапар Исаков.    

Айтымында, кээ бир министрлик  жана ведомстволордо тийиштүү экспертизасы бар кадрлардын жоктугуна байланыштуу, ал мекемелердин потенциалы ишке ашпай калып жатат.

Маалыматта ошондой эле, токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдарынын штаттык сандарынын алкагында жана алар үчүн 2018-жылга жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чектеринде төлөнөөрү, андыктан,   чечимдин алкагында штаттык бирдиктерди кеңейтүү жана кошумча чыгымдар күтүлбөй турганы айтылат.