11.09.2018 17:17

23 жылдан бери Казакстандан чыга албай жүргөн кыргыз жаранына документ берилет

23 жылдан бери Казакстандан чыга албай жүргөн кыргыз жаранына документ берилет

23 жылдан бери дайынсыз кеткен кыргыз жараны Зуура Болтоева Казакстандын Таусугур айылынан табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну,  51 жаштагы Зуура Болтоева 1995-жылы тамеки талааларында иштөө үчүн Алматы облусуна келген. Өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан, 20 жылдан ашык мекенине келе алган эмес.

2018-жылдын 6-сентябрында Башкы консулдук Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү жана Казакстан ИИМиндеги кыргыз ИИМ өкүлдөрү менен бирге  издөө иштерин жүргүзүп, Алматы облусунун Енбекшиказак районунун Таусугур айлынын тургунунун үйүнөн табышты. Аялга документ жасап берип, мекенине кайтаруу үчүн Башкы консулдукка алып келишти. Кыргызстандык жаранга документтери даяр болгуча жашап турууга шарттар түзүлдү.