22.03.2018 09:37

23-мартта Кыргызстанда биринчи ирет укалоо боюнча чемпионат өтөт

23-мартта Кыргызстанда биринчи ирет укалоо боюнча чемпионат өтөт

23-мартта Кыргызстанда массаж боюнча биринчи чемпионат өтөт. Максаты- өлкө массажисттеринин профессионалдык деңгээлин көтөрүү жана адискөй массажисттердин кызматын элге таанытуу. Мындай иш-чаралар өлкөнүн бул тармактагы адистерине эл аралык чемпионаттарга катышууга мүмкүндүк берет. Бул тууралу Амадеус укалоо академиясынан кабарлашты.

Академия директору Елена Беляеванын айтымында, укалоо боюнча эл аралык чемпионат Москвада 11 жылдан бери өткөрүлүп келет. Анда улуттук жана аймактык чемпионаттарда жеңгендер  жана байгелүү орунга ээ болгондор катышат.

Мындай чемпионаттар  Россия, Украина, Беларусь, Молдова, Прибалтика мамлекеттеринде, Казакстан, Болгария, Израил, Италияда өткөрүлүп турат. Анда тажрыйба алмашуу жүрүп, массаждын өзгөчө ыкмалары  жана дарылоочу-саламаттыкты чыңдоочу техникалар  көрсөтүлөт. 

Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан чемпионат 23 -мартта «Достук» мейманканасында саат 11.00дон 17.00го чейин болот.