22.03.2018 17:45

24-мартта дин кызматкерлери ишембилик өткөрүшөт

24-мартта дин кызматкерлери ишембилик өткөрүшөт

24-мартта өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койгон. Ага ылайык, 24-мартта өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышат.

Ишембилик күнү Муфтият жана ар бир казыят, райондук баш имам хатибдер, айыл имамдары жана диний окуу жайлар өзүнүн аймагындагы мечиттерди, диний окуу жайларды, карыялар, жетимдер үйлөрүн тазалашып, айлана-чөйрөнү тазалоо, актоо иштерин жүргүзөт.