25-майдан тартып спортзал, фитнес-клубдар жана бассейндер иштей баштайт
Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спортзалдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту.
Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат.
• имаратты дезинфекциялоо;
• администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап-кол кап тагынуу;
• ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу;
• ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү;
Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынгандар: футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.
“Санитардык аралыкты сактоо менен байланышсыз индивидуалдык спорттун түрлөрүнө гана уруксат берилет”-деп айтылат штабдын маалыматында
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: