28-апрель: 21 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
- Бишкек шаарында – 3 бейтап;
- Нарын облусунда – 1 бейтап;
- Жалал-Абал облусунда – 9 бейтап;
- Баткен облусунда – 1 бейтап;
- Ысык-Көл облусунда – 4 бейтап;
- Ош облусунда – 1 бейтап;
- Ош шаарында – 2 бейтап.
Учурда илдетке чалдыккандардын саны 708 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алардын баары Нарын облусунда. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.
Белгилей кетсек, азыркы тапта бейтапканаларда 284 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен реанимацияда 6 киши жатат.
Ошол эле маалда 416 бейтап коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: