25.04.2018 17:37

3 ай ичинде салыкчылар планды 215,9 млн сомго ашыгы менен аткарган

3 ай ичинде салыкчылар планды 215,9 млн сомго ашыгы менен аткарган

3 айда салык боюнча план 215 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын басма-сөз кызматы билдирди. 

2018-жылдын январь-март айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 18 млрд 309,8 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 101,2 %га аткарылып, 215,9 млн сом ашыгы менен чогултулду. 

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 1 млрд 742,6 млн сомго же 10,5 %га жогорулаган.