27.04.2018 09:57

3 айда перифериялык түзүлүштөр аркылуу 70 млн сомдон ашык салык төлөндү

3 айда перифериялык түзүлүштөр аркылуу 70 млн сомдон ашык салык төлөндү

2018-жылдын 3 ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөмдөрдүн саны 2 эседен ашык жана бюджетке төлөмдөрдүн суммасы дээрлик 3 эсеге көбөйдү.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында перифериялык түзүлүштөр (төлөм терминалдары, мобилдик жана электрондук капчык, интернет-банкинг, мобилдик банкинг) аркылуу салык төлөөчүлөр тарабынан бюджетке 70,1 млн сом өлчөмүндө 65 миң 137 салык төлөмү ишке ашырылган.

Анын ичинде, төлөм терминалдары аркылуу – 45,5 млн сомго 57 миң 465 төлөм, банкоматтар аркылуу – 1,1 млн сомго 1 миң 358 төлөм, веб-кассалар аркылуу – 21,5 млн сомго 3 миң 158 төлөм, электрондук капчык аркылуу – 1,1 млн сомго 2 миң 806 төлөм, интернет банкинг аркылуу – 872 миң сомго 328 төлөм жана мобилдик банкинг аркылуу – 3,4 миң сомго 12 төлөм ишке ашкан.

Төлөнгөн салыктардын суммасынын, ошондой эле инновациялык методдор аркылуу ишке ашкан төлөмдөрдүн өсүшүн талдоо көрсөтүүдө. Мисалы, 2017-жылдын 1-кварталында 25,1 млн сомго 28 миң 81 төлөм ишке ашырылган. Ал эми 2016-жылдын ушул мезгилинде 31,3 млн сомго 24 миң 964 төлөм ишке ашкан.

Мындан тышкары, азыркы учурда Кыргызстанда салыктарды төлөөгө мүмкүн болгон 2 миң 446 төлөм терминалы иштөөдө.

Мамлекеттик салык кызматы аралыктан тейлөөнүн ар кандай ыкмалары менен калкка накталай эмес эсептешүүнүн тийиштүү кызматын көрсөтүү боюнча коммерциялык банктар менен жигердүү кызматташат. Бүгүнкү күндө накталай эмес салык төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүү жөнүндө 17 банк менен келишим түзгөн.

Перифериялык түзүмдөрдү пайдалануу менен салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын жайылтуу өлкөдөгү салыктарды төлөө процедурасын жөнөкөйлөтүү жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, ошондой эле, салык органдарынын ишинин болушунча ачык айкындуулугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.