28.03.2018 16:21

36,5 миң литр күйүүчү майды күмөндүү документтер менен ташып бараткан унаа кармалды

36,5 миң литр  күйүүчү майды күмөндүү документтер менен ташып бараткан унаа  кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан белгиленген талаптарды бузуу менен 36 миң 530 литр КММ (дизель отуну) алып өтүп бара жаткан авто унааны кармашты.

Унаа салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “С.С.К.” ЖЧКга таандык болгон жүгү бар авто унаа күмөндүү коштоочу документтер жана МСКнын күмөндүү пломбалары менен Арка айылына Кант-Лейлек каттамы боюнча жүрүп бара жаткан.

Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, материалдар андан аркы чара колдонуу үчүн ЭККМК өткөрүлүп берилди.

Кармалган авто унаа жүгү менен жагдайлар такталгычакты айып төлөөчү жайга токтотулду.