15.09.2018 10:23

3-СМУ ишканасынын өкүлү Улуттук тарых музейинен чечилген мраморлор кайда кеткенин айтып берди

3-СМУ ишканасынын өкүлү Улуттук тарых музейинен чечилген мраморлор кайда кеткенин айтып берди

«Ата-Мекен» парламенттик фракциясы 14-сентябрда Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө жооптуулардын катышуусунда отурум өткөрдү. Анда «Ким күнөөлүү жана эмне үчүн алигиче күнөөлүү тараптын аты аталбайт?» деген эң башкы суроого жооп издешти. Эл өкүлдөрү бул отурумуна Улуттук тарых музейинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн 3-СМУнун өкүлдөрүн эмнеге чакырбаганы түшүнүксүз. Жалданма уюмдун өкүлдөрү келбеген соң, албетте, депутаттардын суроолору жоопсуз калды. Анткени, көп нааразычылык, шектенүүлөр  дал ушул 3-СМУ ишканасынын дарегине айтылууда. Так ушул жалданма фирманын өкүлдөрү «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечине» келип, студияда маек куруп беришти. Конокто 3-СМУнун башкы инженери - Борончу Иманбеков. 

- Саламатсыздарбы! Музейдин жаңыланышы боюнча иште күнөөнүн баарын эле сиздердин ишканага түртүп атышкандай. Кагаздар деле, таштар деле 3-СМУда деп атышат. Азыркы тапта ар бир таштын кагазы барбы, дегеле таштар каякта, ошол тууралуу маалымат берсеңиз? 

- Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдө аткаруучу уюм болгон, тепкичтин эң этегинде туруп, ички иштердин баарын аткарган, чындыгында, 3-СМУ.  Таштардын кайда жана эмне үчүн турганы - дайын. Анын эч кандай сыры жок. Жалпысынан Улуттук музейдин ичинен көркү кетип, жараксыз деп табылган,  өлчөмү 8 миң 66 чарчы метр таштар алынып, ордуна жаңы:  сапаты, көрүнүшү, өңү-түсү жакшы материалдар коюлган. Алынган таштарды жөн кетирген жокпуз. Сарамжалдуулук менен пайдаланып, мүмкүн болушунча колдондук. Мрамор өзү жумшак таш, чечип алып жатканда,  жараңка кетет, сынат. Ошондой болгон күндө да, кайрадан кесчү жерин кесип таштап, өлчөмгө келтирип, оңдоп-түзөп, миң чарчы метрден ашыгын ордуна төшөп чыктык. Чечип жатканда айрымдары эч нерсеге колдонууга мүмкүн болбогондой болуп түшүп атты. Такыр майдаланып кеткен 1 миң чарчы метр мраморду кураштырып, курак түрүндө  музейдин көрүнөө эмес, ички бөлмөлөрүнө чаптап чыктык. Колдонууга жарактуу таштардын калгандары –  1 миң 783 чарчы метр «Кыргызтелеком» ААКсынын  кампасына сактоого берилди. Анын тийиштүү кагаздары бар. Ошол кезде оңдолуп, түздөлүп аткан онкологиялык ооруканага 2 миң 817 чарчы метри кетти. Ар кайсы жерге курап чаптап, «Кыргызтелеком» менен Онкологиялык  ооруканага бергенден сырткары бизде калганы - 762 чарчы метр, ал биздин кампада өлчөмү тууралуу жана башка маалыматтар  жазылган тиешелүү документтери менен жооптуу сактоодо турат. Такыр эчтекеге жарабай калгандары курулуш аянтында, таштандыга кетчүлөрү таштандыга кетти. Кайсы таш, канча өлчөмдө каякка кетип жатканын ар бир учурда техникалык көзөмөлдөө, автордук көзөмөлдөө, аткаруучулар ошол жерде текшерип турду.  

- Канча ташты каякка жумшоону ким чечип, ким бөлүштүрдү? Буга мамлекеттик чиновниктер катышты беле?

-  Биз башкы жалданма уюм болгондуктан, түздөн-түз баш ийген мекеме -Архитектура жана курулуш агенттиги болду. Ошолордун көрсөтмөсү менен иш алып бардык. Андан башка жогорку инстанциялар менен биз иштебейбиз. 

- Башкача айтканда, баары мыйзамдуу болгон?

- Албетте. Архитектура жана курулуш агенттигине андан жогорку инстанция, ага андан үстүдө турганы көрсөтмө берет. Өйдөдөн түшкөн протоколдук чечимдердин негизинде келип туруп ушул чечим кабыл алынган деп билебиз. Ошого жараша кагаздары бар.  Биз эч качан өз билемдик менен иштеген эмеспиз. Ар бир мекеменин өз компетенциясы бар. Биздин компетенция -  тикелей курулуш иштери. 

- Негизи мрамордон өтөөрү жок, кайра эле ошолорду колдонсо болмок деген сөздөр көп айтылып атат. Ошол мүмкүн беле? 

- Бул мраморлор 1980-жылдары коюлган. Анда шаарыбыз мрамор шаар деп аталып, Ак үй, анын тегерегиндеги имараттар мрамордон жасалган. Ал кезде албетте, көрктүү болгон. Мрамор -  негизи жаратылыш таштарынын ичинен эң жумшагы. Тышкы аба ырайынын таасири аркылуу сөзсүз өз көркүнөн кетет. Ташты мен жаман деп айткым келбейт, бирок мезгил сөзсүз өзүнүн таасирин тийгизет. Кезегинде аппак мраморлор 30 жыл өткөндөн кийин киргилт тартып, өңүн жоготот, тышкы көрүнүшү башкача болуп калат. Ошол себептен, алмаштыруу чечими кабыл алынган деп ойлойм. Кайра эле мрамор кылган күндө деле, жаңысын коюш керек болчу.  

- Ошол демонтаждалган мраморлордун ордуна коюлган плиталар музей ачыла электе эле керектен чыгып атат деген сөздөр чыгып атат. Ушул чынбы? 

-  Биз музейдин сыртын эмес, ичин жасаганбыз. Мен бүгүнкү күндө плиталардын жарактан чыгып атканын байкаган жерим жок. Компетенттүү органдар аны текшерип чыкса болот. Биз төшөгөн плиткалардын баары коюлган жеринде, орду-ордунда турат. 

- Эмне себептен сиздер кылган иштин айланасында мындай ызы-чуу чыгып атат деп ойлойсуз? 

-Себебин айтыш кыйын. Тигил же бул себептен деп айтыштан алысмын.

- Текшерүү көп болуп жатат дедиңиз. Кайсы органдар текшерип жатат?

- Тарых музейинин тегерегинде ызы-чуу чыкканына көп болду. Компетенттүү органдар келип, аныгына жетет деген ойдобуз. 

- Биздин эфирден кеткен материалдан көрдүңүздөр,  депутаттардын сиздердин ишканага көп суроолору болуп жатат. Ошол суроолорун сиздерди чакырып, өзүнүздөргө берсе болот беле?

- Чакырса, суроолоруна жооп бермекпиз. Биздин азыркы түз эфир аркылуу айтып жатканыбыз деле депутаттарга берилген жооп деп эсептейбиз. Биздин жумуш саясат эмес. Биздин жумуш -эл үчүн жасалып аткан Улуттук тарых музейин жаңылоо болду. Мурунку Улуттук музейи диний музей болчу.  Азыркы Улуттук музейинин мааниси дагы, турган турпаты дагы шаардыктардын купулуна толот деген ойдобуз. 

- Музей качан ачылаарынан кабарыңыздар барбы?

- Мен бул жөнүндө жооп бере албайм.