17.04.2018 17:44

43 ата мекендик ишкана өз продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чектөөсүз чыгара алат

43 ата мекендик ишкана өз продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чектөөсүз  чыгара алат

2017-жылдын аягында ата мекендик 43 ишкана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн (ЕАЭБ) аймагына продукциясын чектөөсүз ташууга мүмкүндүк алган Ишканалардын реестрине киргизилди. Бул туурасында Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Өкмөттүн  2017-жылы аткарган иштери тууралуу «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү- Прогресс» жана «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып билдирди. 

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн мигранттары ЕАЭБ аймагында КМШ өлкөлөрүн кошуп алганда, башка мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу түрдө төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болду: иштеш үчүн патент албайт; мигранттар жана алардын үй-бүлөсү социалдык камсыздоого тең укуктуу болду; милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ болду (ОМС); биздин жарандар жумушка орношкондо алардын квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат; эмгек мигранттарыбыз жеке жактардын кирешесинен алынуучу салыктарды ошол өлкөнүн ставкасы боюнча төлөшөт (Россияда – 13%)», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, мындай жеңилдиктер  мигранттарыбызга айлыгы жакшы жумуштарга орношууга, алардын социалдык шарттарын жакшыртууга жардам берди. Муну өлкөбүзгө акча которуулардын 24%га өсүшү айтып турат, анын жалпы суммасы 2,4 млрд долларды түзгөн.