11.09.2018 13:40

4,5 миң мугалимге жаңы муундун билим берүү стандарттары боюнча семинар-тренингдер өткөрүлөт

4,5 миң мугалимге жаңы муундун билим берүү стандарттары боюнча семинар-тренингдер өткөрүлөт

Республика боюнча 13 августтан тартып 5-6-класстардын мугалимдери үчүн жаңы муундун билим берүү стандарттарын ишке ашыруу боюнча 3 күндүк семинарлар өтүүдө. Окутуу КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын «Билим берүү тармагында реформаларды  колдоо»  долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулуп жатат, деп билдирет Билим берүү министрлиги.

2018-2019-окуу жылында 5-6-класстарында республика боюнча бардык жалпы билим берүү уюмдар жаңыланган Базистик окуу планы менен окушат. Базистик окуу планынын негизинде апробациядан өткөн предметтик стандарттар жана окуу-методикалык комплекстери менен окуу процесси жүргүзүлөт. КР Билим берүү жана илим министрлиги 4,5 миң мугалимге 3 күндүк окуу семинар-тренингдерин өткөрөт. Семинарлардын жүрүшүндө мугалимдер Мамлекеттик стандарт, Базистик окуу план, программалар жана башка нормативдик материалдары менен таанышышат.

Семинардын натыйжасында, тренингдин катышуучулары: мамлекеттик билим берүү стандарттын, предметтик стандарттын, окуу программасынын түзүлүшүн, мазмунун билишет; компетентүүлүктүн негизинде окуу-тарбия процессинде окутуунун усулдарын, ыкмаларын колдоно алышат; окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоонун стратегияларын жана алардын түрлөрүн практикада колдоно алышат.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары орто мектептер үчүн ачык билим берүү ресурстарынын мультимедиялык комплекси менен таанышышат. Бул комплекс 5-9-класстардын мугалимдери жана окуучулары үчүн кошумча табигый илимдер (математика, физика, химия, биология, география), социалдык-гуманитардык илимдер (тарых, англис тили, кыргыз адабияты жана дүйнөлүк адабият) боюнча окутуу материалдары менен электрондук каражаттар аркылуу кенен пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого арналган.

Бул электрондук каражат окуучуларга мектептеги предметтерди өздөштүрүүгө, мотивация жаратуу, өзөктүү жана предметтик компетентүүлүктөрдү жакшыртуу, билим берүү процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, сабакка даярданууда мугалим жана окучуулардын кошумча материалдарды издөөсүн жеңилдетүүгө арналган.

Эске салсак, КР Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын “Билим берүү тармагында реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында республика боюнча мектептердин базасында 60 электрондук китепкана түзүлүүдө. Электрондук китепканалар керектүү эмерек, компьютер жана оргтехника менен камсыз болушат.