03.09.2018 19:35

5-6-класттын окуучуларына убада кылынган жаңы китептер берилген жок

5-6-класттын окуучуларына убада кылынган жаңы китептер берилген жок

5-6-класттын окуучуларына убада кылынган жаңы китептер берилген жок. Бул туурасында April.kg порталына Бишкектеги жана аймактардагы окуучулардын ата-энелери билдиришти.

66-мектептин 6-классынын окуучусунун апасынын айтымында, аларга бир нече эски китеп беришкен  – «Биология» (1988), «География» (1990), «Русский язык» (1997). Кичине жаңыраактары - «Кыргыз тили» жана «Кыргызстандын тарыхы». 

Аймактарда да абал жакшы эмес. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга жалпы орто билим берүү мектебине 5-класстар үчүн эки гана жаңы- «Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы. 5-6 класс», «Табият таануу» китептери түшсө, «Математика» «Кыргыз тил», «Биздин адабият», «Русское слово» 1,2 бөлүк, «Книга для чтения», «Русский язык», «Адеп» китептери эски экени айтылат.

Ушул эле мектептин 6-классынын окуучулары үчүн жаңы 3 китеп берилген - «Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы. 5-6 класс», «География», «Англис тили».  Калгандары - «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты», «Математика», «Русский язык», «Чтение», «Биология, «Адеп» эски китептер. 

№5 улуттук гимназиянын окуучусунун апасынын айтымында, 6-класста окуган уулуна «Англис тили», «География», «Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы. 5-6 класс» китептери жаңы берилсе, калгандары эски, дагы 1-2 китеп жетпей калган.

 №69 гимназиянын окуучусунун атасынын айтымында, 5-класс окуган уулуна жаңы, эски китептер аралаш берилди.

«Айрым китептерди жаңы алдык. «Биздин адабият», «Русское слово», «Математика» китептери эски экен. Берки экөөнүн абалы жакшыраак, ал эми «Биздин адабият» эптеп эле турат», -дейт атасы. 

Эскерте кетсек, Билим берүү министрлиги бул окуу жылы 5-6-класстын окуучулары үчүн жаңы китептер берилерин убадалаган болчу.