04.05.2018 11:20

5-майдан тартып, Бишкек-Ташкент автобус каттамы ачылат

5-майдан тартып, Бишкек-Ташкент автобус каттамы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан баштап эл аралык "Бишкек -Ташкент" “Ташкент-Бишкек” каттамы ачылат. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз автобекети мамлекеттик ишканасы 2018 жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек -Ташкент» каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүүнү  пландаштырууда.

Чоң адамдар үчүн билеттин баасы -1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга - 500 сом. 5 жашка чейинки балдарга акысыз (орун ээлебесе).

Багаждын бир орундугу - 200 сом. Билеттер «Кыргыз автобекети»  (Западный автовокзал) ишканасынын кассаларында сатылаары айтылат. 

Автобустук каттамды Кыргызстандык «Транс Союз Азия » ачык акционердик коом тейлет. Ал эми Өзбекстан тараптан OOO  MIRONSHOX GRAND TRANS автотранспорт ишканалары тейлейт.

"Бишкек -Ташкент" жана "Ташкент-Бишкек" рейси күнүгө сат 22.00 жөнөп турат.

Каттам 2017-жылдын 13-14-декабрындагы эки өлкөнүн президенттери кол койгон  "Эки ѳлкѳнүн үзгүлтүксүз  байланышын ачуу" келишимин өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.