06.04.2018 09:50

6-7 -апрель күндөрү кыргызстандыктар бекер медициналык кеп-кеңеш ала алышат

6-7 -апрель күндөрү  кыргызстандыктар  бекер медициналык кеп-кеңеш ала алышат

6-7-апрель күндөрү миңдеген кыргызстандыктар Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган флешмобго катышат.   Аны Саламаттыкты сактоо министрлиги Билайн мобилдик оператору менен бирдикте  "Саламат клуб” ыктыярчылар кыймылынын катышуусунда  уюштурууда. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти

6 жана  7-апрелде  Кыргызстан Дүйнөлүк ден соолук күнүнө кошулат. Бул күндөрү өлкө боюнча маалыматтык-алдын алуучу иш-чаралар өтөт. Бул жылкы иш-чара «Баарына ден соолук!»   урааны алдында өтмөкчү.  

Акция мекеме өкүлдөрүнүн катышуусундагы маалымат-жыйындан башталат. Андан соң Кыргызстан боюнча Билайн операторунун ондогон кеңселеринде «ден соолук бурчу» иштеп баштайт. Ал жерде дарыгерлер каалоочуларга бекер кеп-кеңеш берип, оорунун тобокелдик факторлорун аныкташат.

Жүрөк жана кан тамыр ооруларын аныктоо үчүн жана алдын алуу максатында антропометрия жүргүзүп  жана артериалдык кан басым  текшерилет.  Ошондой эле,  «Туура тамактанууга мезгил келди» жана  «Тамеки чегүүнү таштоо маалы» тематикасындагы аянттардын иши уюштурулат.

Ыктыярчы студенттер ден соолукка байланыштуу маалымат баракчаларын таратышат. Конкурстар, викториналар, спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Флешмобдун негизги максаты – Кыргызстан калкынын саламаттыкты сактоо кызматтарынан толук колдонуунун жеткиликтүүлүгүнө көңүл буруу.