03.05.2018 16:42

6-майда калаада "Мээримдүү тыйын" акциясы өтөт

6-майда калаада  "Мээримдүү тыйын" акциясы өтөт

6-май күнү саат 14:00дө «Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду “Мээримдүү тыйын” акциясын өткөрөт. Акциянын максаты, фонддо каттоодо турган, ден соолугунун айынан операцияга муктаж болгон жаш өспүрүмдөргө каражат топтоо.

Бул акция акыркы 3 жылдан бери жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында өткөрүлүп келет. 2017-жылы ноябрь айында 232  миң  сом чогултулуп, 3 өспүрүм жана 1 кишинин операциясына сарпталган.

Үч жылдын ичинде 20дан ашык өспүрүм балдарга ийгиликтүү операция өткөзүлдү. БУУнун “Түштүк-Түштүк” программасынын негизинде “Мээримдүү тыйын” акциясы жогорку деңгээлде бааланып, башка мамлекеттерге үлгү катары сунушталган.

Иш-чарада шоу программа, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт, белектерди ойнотуу, тамак-аш жарманкеси, кол-өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар болот. Өтө турган жери - Азия Молл соода борбору. 

Сурап билүү телефондору: 0707 811 431