06.04.2018 16:40

7-9-апрелге карата алынган аба ырайы

7-9-апрелге карата алынган аба ырайы

Өлкө аймагында  7-апрелден 10-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.  Мезгил-мезгили менен жаан,  тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

7-9-апрелде Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. 8-апрелде түнкүсүн жана эртең менен нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт.

8-апрелде күндүз жана 9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.