14.03.2018 15:17

8 жаштагы кызды сабаган өгөй эне убактылуу камакка алынды

8 жаштагы кызды сабаган өгөй эне убактылуу камакка алынды

8 жаштагы кызды сабаган өгөй эне Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул туурасында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жабыркаган кыз дале ооруканада. Дарыгерлердин айтымында, абалы жакшырып калды.  Өз апасы жактан туугандары табылгыча, кыздын  он жаштагы байкесин дагы реабилитациялык борборлордун бирине убактылуу жайгаштырышкан. Андан сырткары, өгөй энесине айып тагылып жатканына байланыштуу анын кичүү балдарын дагы алып, Бишкек балдар үйүнө өткөрө турууга  аргасыз болушкан.

Эскерте кетсек, мындан 4 күн мурун нан уурдап жегени үчүн  өгөй энеси тарабынан сабалган кыз денесиндеги көгала жана кан шишиктери менен балдар ооруканасына түшкөн.

Кылмыш иши  козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.