05.04.2018 16:07

8-апрелден баштап Чүй проспектисинин айрым тилкелери жабылат

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 8-апрелден тартып, бир нече көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.

Алардын айтымында, оңдоо иштери көчөлөрдүн төмөнкү бөлүктөрүндө жүрөт: Чүй проспектисинин Шабдан баатырдан Төрөкул Айтматов көчөсүнө  чейинки аймагы, тактап айтканда шаардын түндүк тарабы  15-майга чейин жабылат;

Ошондой эле, Шабдан баатыр көчөсүнүн Чүй проспектисинен Анкара көчөсүнө чейинки бөлүгү, башкача айтканда батыш тарабы 10-июлга чейин жабылат.  Чүй проспектисинин Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү 1-июлга чейин жабылат.

Мэрия айдоочуларды бара турган жерге кантип жетүүнү алдын ала пландоого чакырат.