8-мартка "белек". Аялдардын укугу үчүн жөө жүрүшкө чыккан айымдарга айыппул салынды
8-март күнү аялдардын укугун коргоо боюнча митингдин катышуучуларына айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Алар: 23 жаштагы К.А., 22 жаштагы А.М., 36 жаштагы А.Г., 34 жаштагы К.А. 47 жаштагы Т.Г., 38 жаштагы С.М. аттуу митинг катышуучуларына айып салынды. Андан тышкары, коомдук тартипти бузган 40 жаштагы К.З., 20 жаштагы Ш.Э., 21 жаштагы А.М., 27 жаштагы К.Б. жана 57 жаштагы Д.К аттуу жарандар.
Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар коомдук тартипти бузгандыгы үчүн айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Алардын ар бири 3 миң сомдон төлөшү керек.
«Акция башталганда митингдин катышуучулары менен өзүнчө турган бир топтун ортосунда адегенде кайым айтышуу болуп, андан соң алар жулкулдаша кетишкен. Чыр ырбап кетпеши үчүн милиция коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам чара көрдү. Натыйжада чагымга жана чырга эки тараптан тең тиешеси бар болгондор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди», - деп айтылат шаардык милициянын билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, митинг «Феминалле» жана «8/365» уюмдары тарабынан уюштурулган жана аларда уруксаты болгон эмес.
Эске салсак, күн мурун, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: