07.05.2018 18:06

9-майга карата калаа милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

9-майга карата калаа милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Алдыдагы  Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо иш-чараларына карата калаа милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып бара баштады. Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти. 

9-май күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миңден ашык кызматкери тартылат.

Ушул эле максатта калаанын негизги көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:

- Масалиев көчөсүндө Байтик Баатыр кең көчөсүнө чейин (Түштүк дарбазадагы Жеңиш паркынын алдындагы тилке);

- Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөсүндө Масалиевден Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке;

- Фрунзе көчөсү Абдрахмановдон  Ибраимовго чейинки тилкесинде;

- Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүндө Чүй кең көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки тилкеде;

Ошондой эле, “Өлбөс полк” жүрүшү учурунда  жарандар текшерилип, тыюу салынган буюмдар (саюучу-кесүүчү предметтер, спирт ичимдиктери, фейерверктер, ар кандай типтеги куралдар) алынып коюлат.