19.11.2018 23:07

А. Атамбаев музей, Оштогу көпүрө жана 1916-жылдын окуяларына арналган мемориал тууралуу: Менин милдетим өлкөгө акча алып келүү болчу, ири объектилердин дээрлик бардыгы гранттык каражаттарга салынган 

А. Атамбаев музей, Оштогу көпүрө жана 1916-жылдын окуяларына арналган мемориал тууралуу: Менин милдетим өлкөгө акча алып келүү болчу, ири объектилердин дээрлик бардыгы гранттык каражаттарга салынган 

«Апрель» телеканалына берген интервьюсунда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев чуулгандуу долбоорлор тууралуу пикирин билдирди. Алардын арасында тарых музейи да бар. 

«Билесиңер, биринчиден, реконструкция гранттык каражаттардын эсебинен жүргөн. Бюджетке бир тыйын да оордугун көрсөткөн жок. Биринчи бөлүгүн Түркия TIKA аркылуу жүргүзгөн. Экинчи бөлүгүн бүтүрүүгө, ачыгын айтайын, Владимир Путин жардам берди», - деп билдирди Атамбаев.

Экс-президенттин айтканына ылайык, музейдин реконструкциясына кеткен каражаттар бюджет аркылуу өткөрүлгөн. Алардын изин табуу кыйындык жаратпайт. 

«Менин милдетим – өлкөгө акча алып келүү болчу. 2011- 2012 жж. музейге кирген башка өлкөлөрдүн лидерлери көп сурады: "Бул эмне болгон музей", деп. Ал жакта болгону Ленин атабыз, анан Ленинди чагылдырган шыптар бар болчу. Мен бекер каражат алып келип, реконструкция жүргүздүм. Эгерде бирөө бул акчадан “пайдаланып” калса, аны жоопкерчиликке тартып, камакка алгыла. Менин милдетим – акча алып келүү болчу. Ошол эле Оштун көпүрөсүнө каражатты да мен алып келгем. Ал акчадан да уурдагандар болсо керек. Ал эмес 1916-жылкы окуялардын мемориалына да бекер акча таап келгем – алардан да уурдашкандыр. Же Чолпон-Атадагы ипподромду алалы – ал акыркы европалык стандарттарга ылайык курулган. Балким мен деле бүгүн Жээнбеков отургандай, чыпалагымды да кыймылдатпай отура берсем болмок беле?» - деп суроо салды Алмазбек Атамбаев. 

Саясатчынын пикиринде ал, бюджетте каралбаган каражаттарды таап келип – өз милдетин аткарган. Ал эми ири долбоорлор тууралуу айта турган болсок, алардын максаты – Атамбаевди каралоо, деп эсептейт Алмазбек Атамбаев.

«Убагында ошол эле Раззаков жана Усубалиевди да каралашкан... Бирок ЖЭБ турбайбы. Ал эмес Чолпон-Атадагы цивилизациялуу музейди да гранттык каражаттарга курууга бир ишкана чоң салымын кошкон. Менин милдетим – акча табуу болчу. Алар кантип корогону – башка маселе, иликтенсин, бирок бөрк ал десе баш алган туура эмес. Атамбаевди каралоо үчүн кылынган жакшылыктардын бардыгын жаманатты кылып жатышат. Элдин жакшылыкка, келечекке ишенимин жок кылып жатышат. Азыр эл, ошол эле музейге, ипподромго, мемориалга сыймыктануу менен барышмак. Эл көрсүн, кожо көрсүн кылбагыла! Уурдаса – камагыла! Мурун уурдагандар, азыр мурункудан да көп уурдап жатышат. Азыркы учурда Бажы кызматы менен Финансы полициясын ким каалагандай калчап жүргөнүн бажычылардын бардыгы билет, элитанын бардыгы билет», - деди Алмазбек Атамбаев. 
Экс-президенттин айтымында, азыркы бийликтин милдети – коррупция менен эмес, Атамбаев менен күрөшүү.