21.05.2018 15:54

Абактагы Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы начарлап жатканы айтылды

Абактагы Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы начарлап жатканы айтылды

Мурунку депутат, учурда абакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу начарлоодо. Бул туурасында бүгүн маалымат жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко кабарчыларга билдирди. 

Анын айтымында, сот иштеринин жүрүшүндө бул тууралуу Текебаевдин жактоочулары дагы, кесиптештери дагы айтып келишкен. 

"Анын ден соолугу тилекке каршы уламдан-улам начарлап бара жатат. Албетте, №47 түзөтүү абагында кандайдыр бир шарттар түзүлгөн, бирок, алар жогорку тобокелдиктеги  артериялык кан басымы менен жабыркаган адам үчүн жетишсиз. Ал жакта тиешелүү деңгээлде текшерилип тура тургандай жабдыктар жок", -деп билдирди Никитенко. 

Ошондой эле, алар көз карандысыз кардиологдорду алып келип, Текебаевдин абалын текшертүүнү талап кылышууда.