12.06.2018 08:30

Ачкачылык жарыялагандар талаптарынан кайтып, тамактана башташты

Ачкачылык жарыялагандар талаптарынан кайтып, тамактана башташты

Экстремизм жана терроризмге күнөөлөнүп, абакта отургандар ачкачылык жарыялоону токтотушту. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүүчү абакта отургандар 5-июнда ачкачылык жарыялашып, ооздорун тигип алышкан. Бирок, «ачкачылык жарыялады» делген менен алар орозодо экени жана түрмөнүн гана тамагынан баш тартып, өздөрүнүкүн жеп жатканы айтылган. Алар мындай каршылык чара менен өздөрүн кармоо шарттарын жеңилдетүүнү жана абакта кенен басып жүрүүгө, уюлдук телефон колдонууга уруксаат берилишин талап кылышкан. 

Кечээ, 11-июнда саат 20:00 чамасында ачкачылык кармагандардын баары нааразычылык акциясын токтотушаарын жана мурда айтылган талаптардан баш тартышаарын билдиришкен.