08.10.2019 20:46

Адахан Мадумаров: Бийлик шайлоого карата сасык оюндарын баштады (видео)

Адахан Мадумаров: Бийлик шайлоого карата сасык оюндарын баштады (видео)

Саясатчы Адахан Мадумаров коомчулукка кайрылуу жасап, видео тасма таратты. Анда 2020-жылкы келе жаткан шайлоо тууралуу сөз кылып, ага карата түрдүү саясий оюндар башталды деген сөзүн айткан.

«Азыркы бийлик шайлоого катуу даярдыктарды көрүп, ич ара жарып, 4 гана партияны өткөрөбүз,  ага бизге жаккан кишилерди киргизебиз, калгандарын сыртта калтырабыз деген сасык оюндарын дагы башташты. Бийликтин тизмесине киребиз деген партиялар шаша-буша өздөрүнүн курултайын өткөргөнгө да жетишти. Эч кимге сыр эмес, биринчи ондукка көк кагаз менен канча миллион төгүш керек, экинчи ондукка канча миллион төгүш керек, үчүнчү ондукка канча жүздүк төгүш керек деген маалымат соцтармактарда ачык эле тарап жатат», -деп билдирди.

Анын айтымында, буга жол берсек, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү коркунучка кептелип, өлкө 4-5 киши бөлүп ала турган менчикке айланат. 

Мындан тышкары Мадумаров жарандарды чогуу болууга жана «Менин укугум бар» деген эл аралык кыймылга айланууга үндөп, сыртта жүргөн жарандарыбыздын укуктарын тебелебейли деген пикирин айтты.