09.08.2018 15:19

Адил Турдукулов: Шаардык кеңеште отурган уурулар, бандиттер кайра шайланбагандай система түзүш керек

Адил Турдукулов: Шаардык кеңеште отурган уурулар, бандиттер кайра шайланбагандай система түзүш керек

Бишкек шаары жаңы жетекчилүү болду. Кечээ, шаардык кеңештин депутаттары 43 добуш менен мэрликке Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, ири курулуш компаниясынын ээси Азиз Суракматовду мэрлик кызматка шайлады. Имараттын ичинде шайлоо жүрүп жатканда, сыртында 50 чакты жарандык активист чогулуп, өз нааразычылыгын билдирип жатышты. Аларга бийлик тараптан көңүл бөлгөн киши болгон жок. Жарандык активисттердин талаптары эмнеде? Чогулуу себеби кайсы? Муну өз ооздорунан угуу максатында «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечине» активисттердин бири Адил Турдукулов чакырылган. 

-Саламатсызбы, Адил мырза! Мына, жаңы шаар башчыны шайлап отурабыз. Азиз Суракматовдун мэрликке келишин көпчүлүгү нааразычылык менен кабыл алышты. Анын ичинде сиз да барсыз. Бул шайлоо эмес, дайындоо деген сөздөр болуп атат сиз кандай ойлойсуз? 

-Мен деле ошентип ойлойм. Биздин митинг эки талап менен чыкты. Бири, шаардык кеңеш тараш керек. Эмнеге дегенде, мурунку мэр Албек Ибраимовду шаардык кеңеш өзү бекиткен болчу. Эки ай мурун мэрди «коррупцияга батты», «шаардыктардын кызыкчылыгын коргой алган жок», «мэрияда коррупция өсүп кетти» деген айыптоолор менен кетиришти. Бирок, шаардык кеңештин жана мэриянын мыйзамы боюнча алар мэр менен чогуу жоопкерчиликти тартышы керек. Эгерде алар бул мэр татыксыз деп эсептесе, аны менен кошо таратылышы керек. Бул биздин эң башкы, жүйөөлүү талабыбыз. 

Экинчи талап, шаардык кеңеш чындыгында шаардыктардын кызыкчылыгын коргобой, өзүнүн гана бизнесин коргоп жатканына биз баарыбыз күбө болуп жатабыз. Алар эски адатка салып, жогорудан түшкөн тапшырманы гана аткарып жатышат. Андыктан, шаардык мэр түздөн-түз шаардыктардын добушу менен шайланышы керек деген талабыбыз бар. Бул талап бир гана Бишкекке байланыштуу эмес, Ош шаарынын мэрин шайлоого да ошондой талап коюп жатабыз. Анткени, мындай эксперимент бизде болуп өткөн. Борис Силаев атаандаштык негизде, абдан курч мүнөздө шайлоо компаниясын өткөрүп уткан болчу. Менин оюмча, ал Кыргызстандын тарыхында эң жаман мэр болгон жок. Анткени, ал Ак үйгө эмес, шаардыктардын алдында отчет берчү. 

- Шаардык кеңештин депутаттарын таркатуу талабы да айтылып жатыптыр. Мунун шайлоодон сырткары башка да себеби болсо керек?

- Шаардык кеңеш эки жыл мурун шайланды. Бул кеңешке капчыктуулар, олигархтар келип, азыркы Жогорку Кеңештин күзгүсү болуп калды. Алар мандатын бир гана өзүнүн ишканасынын, курулуш компаниясынын кызыкчылыгын коргогонго колдонуп жатканын биз баса белгилеп кетишибиз керек. Анткени алар ошону менен бүт бойдон мэриянын аткаруучу структураларына баш ийип турат. Ошон үчүн аларга гана көз каранды. Азиз Суракматовдун талапкерлигин ал биздин бизнести калкалап берет деген гана себептен колдоп беришти. Чынына келгенде,  эгерде алар  көз карандысыз депутаттар болсо, эгерде алар биздин кызыкчылыгыбыз үчүн биздин парламентке келсе, анда алар өз тарабынан, өз курамынан талапкерди көрсөтүүгө аракет кылышы керек болчу. Алар андай кылышкан жок. 

Анткени, үстүдөн тапшырма түштү. Бул биринчи ирет болуп жаткан жери жок. Биздин митингге чыкканыбыздын да себеби ушул. Буга чейин Кубанычбек Кулматовду, Албек Ибраимовду кандай шайласа, азыркы курам дагы ошол салт, жаман илдетти кайталап жатат. Биз бул илдетти кайталабагыла деп Суракматовдун өзүнө айтып жатабыз. «Эгерде сен Ак үйгө гана баш ийсең, сени Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун тагдыры күтүп жатат» деп айтып жатабыз. Биз Суракматовго каршы эмеспиз. Биз ага алдын-ала түрмөгө отуруп калба деп эскертип жатабыз. 

-Мындан ары кандай кадамдарга барасыздар? Жаңы мэрдин ишин кантип көзөмөлдөсө болот?  

-Биздин оюбузча, азыркы олигархтык шаардык кеңеш мэрдин ишин эч көзөмөлдөй албайт. Андыктан, ал функцияны шаардыктар, биз өзүбүзгө алышыбыз керек. Азыркы учурда президент өзү айтып кетти, шайлоо кодексине азыртадан баштап, демилгелерди чогултуп баштайбыз деди. Биз өз демилгелерибизди берип жатабыз. Биринчиден, бул тикелей шайлоо. Ошол эң негизги талабыбыз. Экинчиден, эгерде пропорционалдык десе, ар кайсы партиянын аталышына, мисалы Икрам Илмияновдун «Мекеним Кыргызстан», же эч бир моралдык укугу жок КСДП партиясына добуш бербей, ошол партиянын тизмесиндеги адамдарга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алыш керек. Десятниковго окшогон уурулар, керек болсо бандиттер кайра шайлана албагандай мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Буюрса, бул 2019-жылы болобу, же 2020-жылы болобу, биз аны күтө турабыз. 

-Мэрди эл шайлаш керек деп жатышат. Аны менен катар азыркы шайлоо көңүлүнө туура келгендер да бар. Сиздин оюңузча, кайсынысы туура? 

- Бишкек стратегиялык мааниге ээ шаар. Бул бир гана административдик функцияны аткарбайт, чын-чынына келгенде, Бишкек менен Ош Кыргызстан экономикасынын локомотиви болуп турган шаарлардан. Алар бүт Кыргызстанды өзүнө тарткан миграциялык борбор болуп калды. Ошондуктан, бул жерде ким шаардын мэри болсо, кандай негизде, канчалык эффективдүү башкара алса, ошону менен Кыргызстан да өнүгөт деген оюбуз бар. Ошон үчүн бул жерде тикелей шайлоо болушу керек. Ар бир жаран шайлоодо добуш берип коюу менен гана чектелип калбайт, добуш бергенден кийин мэрдин ишин көзөмөлдөй алчу функцияларга да  ээ болот. Эгерде мэр натыйжасыз иштесе, кийинки шайлоодо кайра шайлабайт. Башка талапкерди да сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мына ушундай система түзүш керек. 

Буга чейин мэрди эл шайлаган бир учур болгон деп айтып кеттим го. Ошондо бийлик эл шайлаган талапкер көз карандысыз болуп калаарын көрдү. Ак үйдүн алдында эмес, эл алдында отчет берерин билди. Керек болсо, саясий аренада президенттен кийинки экинчи фигура болуп калаарын сезгенден кийин мындан баш тарткан. Ошондуктан, бул жерде жогорку бийликтин кызыкчылыгы шаардын өнүгүшү эмес, ошону көзөмөлдөп туруу жана чектен чыгып кетпөөчү рамкага салуу болуп жатат. Бул түшүнүксүз себептер деп ойлойм. Андыктан, эффективдүү система түзүлүш керек. Аны түзүүнүн бирден-бир жолу бул тикелей шайлоо. 

- Жаңы шайланган мэрге токтоло кетсек. Курулуш магнатынын калаага мэр болушу кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келет дегендер да бар. 

- Албетте, булар ошол максатта, өз компанияларынын кызыкчылыгын көздөп, кандай жер болсо, ошону тартып алабыз деген себеп менен гана келишти бийликке. Керек болсо, шаардык кеңешти шайлоодогу акыркы норманы да алып койгон. Мектеп директорлорунун же бейтапкананын башкы дарыгерлеринин шаардык кеңешке келүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Бул парламентке олигархтардын келүүсүнө гана мүмкүнчүлүк түзгөн система. Бул система сөзсүз түрдө бузулушу керек. 

- Бул кызматты сиз кимге ыраа көрөт элеңиз? Ушул келсе, иштеп кетмек деп ишенген адамыңыз барбы? 

- Кыргыз элинин мыкты эр-азаматтардан уучу куру эмес. Көптөгөн талапкерлер чыкмак. Мында конкреттүү фамилия айтуудан мурда, ошол талапкер элдин алдында жоопкерчиликти сезе билиш керек деген талапты коюш керек. Мисалы, ошол эле Жумабек Ибраимов деген болгон. Ал мэр болгондон кийин жума сайын телевидениеге келип, элге бүт кылган нерселерин айтып берчү. Биз дагы ошондой талап коюп жатабыз.Менин айта турчу талапкерим көп. Керек болсо, өзүм деле иштеп бермекмин. Бирок, кимди шайлайт, ким татыктуу- тандоону элге бериш керек.