19.07.2018 14:14

Адистер жашы жете элек балдардын зомбулукка кабылышында ата-энелердин да күнөөсү бар экенин айтышат

Адистер жашы жете элек балдардын зомбулукка кабылышында ата-энелердин да күнөөсү бар экенин айтышат

Жашы жете элек балдарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүлүп жатканында ата-энелердин да күнөөлөрү бар. Бул туурасында  «Кыргызстанда балдарга карата зомбулук көрсөтүү учурлары көбөйдү- өлүм жазасын киргизүү керекпи?» аттуу тегерек столдо Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Тодобердиев билдирди. 

Анын айтымында учурда ички жана тышкы миграциянын агымы күчтүү болууда. Мындайда балдардын укугу эске алынбайт. Акча табууга чет жакка кетип жаткан ата-энелер балдарын туугандарына таштап кетишет. Ал эми, мыйзам боюнча баланы кайсы учурда, кимге калтырыш керек экенин сот чечет.

«Мыйзамга ылайык, ар бир ата-эне баласын 18 жашка чыкканга чейин өзү багып, тарбиялаш керек. Бирок, азыр баласын тууганына «ишеним кат» менен калтырып, чет өлкөгө чыгып кеткен  модага айланды. Иштеп, балама акча салып турам деп сүйлөшүшөт. Бирок, тарбия берүү жагы, балага бир нерсе болсо ким жооп берери тууралуу сөз болбойт. Ар бир  үй-бүлөнүн өз баласы бар. Андан улам, берки балдар каралбай калат. Эгер дал ошол туугандары, алардын тааныштары тарабынан балага зордук көрсөтүлсө, ким күнөөлүү болот? Албетте, ата-энеси», -деди Тодобердиев. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Барыктабасова өз кезегинде, балдарын таштап чет өлкөгө чыгып кетип жаткандар бул тууралуу күч органдарын, жергиликтүү бийликти жана камкордук органдарын кабардар кылуусу шарт экенин билдирди. Мындай учурда аталган органдар туугандарынын кароосунда калган баладан кабар алып, көзөмөлдөп, балким, кандайдыр бир зомбулук көрсөтүү учурларынын  алдын алып калышат. 

«Учурда өзүн-өзү өлтүргөн учурлардын көбү жашы жете электер тарабынан жасалууда. Ал эми, жашы жете электердин көбү - мигранттардын балдары», -деди Барктабасова.