03.07.2018 17:44

Афиша 3-8-июль

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи.

3-8 июль, дүйшөмбү – жекшемби. 
Кыргыздын чыгаан баатыры Кожомкул Каба уулунун 130 жылдыгына арналган,  «Ак илбирстей ажары, айбаты бар, кылымдарда бир жаралган кайраты бар!» аттуу китеп-көргөзмөсү. Баатыр тууралуу китептер, макалалар коюлган. 

3-8 июль, шейшемби–жекшемби.  
«Кызыл таблетка» заманбап искусство көргөзмөсү
Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана  Франциянын  26 сүрөтчүсүнүн эмгектери коюлган.

3-8 июль, шейшемби– жекшемби.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов ааламы» аталышындагы көргөзмө-конкурс. Республиканын бардык аймактарынан келген жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.

3-8 июль, шейшемби– жекшемби.
Кыргыз көркөм искусствосунун негиздөөчүлөрүнөн тартып, заманбап искусствого чейин камтыган туруктуу көргөзмө. Семен Чуйков, Гапар Айтиев, Иван Тюрин, Давид Флекман, Алтымыш Усубалиевдин живописи жана скульптуралары коюлган.

3-8 июль,шейшемби  –жекшемби.
Салттык кол өнөрчүлөрдүн туруктуу көргөзмөсү. Шырдак, ала кийиз, белдемчи, туш-кийиз, ат жабдыктар, зер буюмдар,ар кандай  майда тикмелер, булгаарыдан жасалган буюмдар, көчмөн турмуш буюмдары,  этникалык кийимдер коюлган.

Дареги: Бишкек шаары, .Ж.Абдрахманов көчөсү196 (Чүй проспекти жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда).

А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасы.

3-8 июль, дүйшөмбү– жекшемби.
«Манасты» биринчи изилдөөчү», адабиятчы, коомдук ишмер Калим Рахматуллиндин 115 жылдыгына арналган китеп-иллюстрациялык көргөзмө.

3-8 июль, дүйшөмбү- жекшемби
«Улуттук адабият таануунун патриархы», сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору Кеңешбек Асаналиевдин 95 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү. Коюлган китеп, газеталар, журнал статьялары анын жашоосун, ишмердүүлүк жолун  чагылдырат.

3-8 июль, дүйшөмбү–жекшемби.
«Биз жаштыгыбызга мурункудай эле берилгенбиз!» аттуу ВЛКСМдын  100 жылдыгына арналган даректүү-тарыхый жана китеп-иллюстрациялык көргөзмө.

3-8 июль, дүйшөмбү–жекшемби.
Өлкөнүн конституция күнүнө арналган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 25 жыл» аталышындагы китеп көргөзмө.

Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208 (.М.Фрунзе көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосунда).

«Чемодан Зусмановича» арт-бары

6 июль, жума.
LiveMusicNight концерти.
Аткаруучулар: Антон Ставничий (саксофон), Руслан Осмонов (клавиша), Ольга Комкова (вокал).

Башталышы саат 21:00.
Кирүү акысыз.

Дареги: Бишкек шаары, 4-кичирайону, 6/2 (мурунку «Народный» дүкөнүнүн имараты).