09.07.2018 16:00

Афиша 9-15-июль

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи.

10-15-июль, шейшемби – жекшемби.
«Кызыл таблетка» заманбап искусство көргөзмөсү
Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана  Франциянын  26 сүрөтчүсүнүн эмгектери коюлган. 

10-15-июль, шейшемби - жекшемби.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов ааламы» аталышындагы көргөзмө-

10-15-июль, шейшемби - жекшемби.
Кыргыз көркөм искусствосунун негиздөөчүлөрүнөн тартып, заманбап искусствого чейин камтыган туруктуу көргөзмө. Семен Чуйков, Гапар Айтиев, Иван Тюрин, Давид Флекман, Алтымыш Усубалиевдин живописи жана скульптуралары коюлган.

10-15-июль, шейшемби - жекшемби.
Салттык кол өнөрчүлөрдүн туруктуу көргөзмөсү. Шырдак, ала кийиз, белдемчи, туш-кийиз, ат жабдыктар, зер буюмдар,ар кандай  майда тикмелер, булгаарыдан жасалган буюмдар, көчмөн турмуш буюмдары, этникалык кийимдер коюлган.

Дареги: Бишкек шаары, .Ж.Абдрахманов көчөсү196 (Чүй проспекти жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда).

А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасы.

9-15-июль, дүйшөмбү - жекшемби.
Кыргыздын чыгаан баатыры Кожомкул Каба уулунун 130 жылдыгына арналган,  «Ак илбирстей ажары, айбаты бар, кылымдарда бир жаралган кайраты бар!» аттуу китеп-көргөзмөсү. Баатыр тууралуу китептер, макалалар коюлган. 

10-15-июль, шейшемби-жекшемби.
Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгына арналган “Өз доорунун жарчысы”аттуу китеп көргөзмөсү. Анда А. Жутакеевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндөгү материалдар, макалалар орун алган.

Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208 (.М.Фрунзе көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосунда).

«Чемодан Зусмановича» арт-бары
13-июль, жума.
«Чемодан Зусмановича» арт-барынын үч жылдыгына арналган кече.
Хип-хоп-долбоору «Глубокий сон», DJ Huchifun, DJ Pizone катышат.
Башталышы саат 21:00дө.

14-июль, ишемби. 
«AnnaParadise» тобунун 10 жылдыгына арналган акустикалык концерти.
Башталышы саат 21:00дө.

Дареги: Бишкек шаары, 4-кичирайону, 6/2 (мурунку «Народный» дүкөнүнүн имараты).