14.09.2018 14:35

Агахан фонду кыргыз-тажик чек арасындагы суу түтүгүн тартуу иштерин каржылоону токтотту

Агахан фонду кыргыз-тажик чек арасындагы суу түтүгүн тартуу иштерин каржылоону токтотту

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилке маселеси чечилмейин, ал жакта суу түтүгү тартылбайт. Бул тууралуу Тожикон айылынын жашоочулары үчүн суу түтүгүн тартуу долбоорун каржылап жаткан Агахан фондунун өкүлдөрү билдирди. 

«Биз долбоорду каржылоодон баш тарткан жокпуз, кыргыз тарап менен талаш маселе чечилгенге чейин убактылуу гана токтоттук. Андагы суу түтүктөрдү Кыргызстандын жарандары дагы колдонсо болот. Долбоор боюнча иштер эки ай мурда башталган. Буга чейин эч кандай маселе болгон эмес, алтургай курулуш техникалары Кыргызстандын аймагы аркылуу Ворухка чейин да барган», — деп билдиришти фонддун өкүлдөрү.

Агахан фонду «Туруктуулукту жакшыртуу» долбоорунун алкагында суу түтүктөрүн тартуу иштерин жүргүзүүдө. Долбоор Кыргызстандын дагы, Тажикстандын дагы аймагында ишке ашырылууда. «Долбоордун максаты – эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан айылдарын таза суу менен камсыз кылуу. Бул үчүн 500 миң сомони (53 миң долларга жакын) акча бөлүнгөн», - деди фонддун өкүлү.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-сентябрда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Бакай айылынын тургундары менен Исфара районунун Тожикон айылынын жашоочулары ортосунда чыр чыккан. 

Аталган айыл  такталбаган тилкеге кирип, ал жакта ар кандай  чарба иштерине тыюу салынганына карабай, тажикстандыктар суу түтүгүн өткөрүүгө аракет кылышкан. Коңшулардын бул кадамы  кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Жумуштарды токтотуу талабы аткарылбай, эки тарап кайым айтыша кеткен.

«Ошол эле күнү Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги тажикстандык кесиптештери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө макулдашышкан. Ушу тапта Баткен району менен Исфара районунун акимдери эл менен жолугууда. Сүйлөшүүлөр облус жетекчилеринин деңгээлинде жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат. Баткен облусунда кызмат өтөгөн чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өткөн.